Быйыл Казакстанда 16 инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат

Быйыл Казакстанда 16 инфраструктуралык долбоор ишке ашырылат

Быйыл Казакстанда 3 трлн теңгеден ашык суммага 16 ири долбоорду аяктоо пландалууда. Бул тууралуу «Самрук-Казына» фондунун башкармалыгынын төрагасы Нурлан Жакупoв Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда билдирди. Маанилүү долбоорлордун катарына Мойынты – Кызылжар жана Дарбаза – Мактаарал темир жол багыттары, Кашагандагы газ кайра иштетүүчү завод, Алматы ЖЭБ-2син жаңылоо жана Каспий деңизинин түбү менен тартыла турган була-оптикалык байланыш багыты кирет. Нурлан Жакупoв билдиргендей, өткөн жылы Фонддун башкаруусундагы активдер 88 млрд долларды түзгөн. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы негизги инвестициялык долбоорлорду өз убагында ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.


Нурлан Жакупов, «Самрук-Казына» АК башкармалыгынын төрагасы:


– Мен мамлекет башчысына ушул жылдын 5 айындагы иштин жыйынтыктары жана алдыдагы пландар тууралуу маалымдадым. Бардык көрсөткүчтөр оң динамиканы көрсөтүүдө. Санариптештирүү чөйрөсүндө жыл аягына чейин Косшы шаарында жаңы маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизүү пландалууда. Анда NVIDIA B300 чиптери колдонулуп, бул суперкомпьютердик кластердин кубаттуулугун төрт эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков