Казакстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө жаңы моделдик мыйзамды иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов баштаган Казакстандын парламенттик делегациясы, Москвада өтүп жаткан уюмдун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйынында билдирди. Анткени азыр аймактардагы стабилдүүлүккө жана коопсуздукка зыян келтирген ар кандай коркунучтар, чыр-чатактар актуалдуу болуп турат. Андыктан бул маселени мыйзам менен жөнгө салуу керектигин айтып, типтүү мыйзамды иштеп чыгууну сунуштады.
Ерлан Кошанов, Казакстан Парламенти мажилисинин төрагасы:
Терроризм өлкөдөгү коопсуздукка жана стабилдүүлүккө коркунуч туудурат. Ошондой эле мыйзамсыз миграциянын, трансчек аралык кылмыштуулуктун, курал-жарак жана баңги заттардын мыйзамсыз айланышынын көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө. Бизге ушундай коркунучтарга биргелешип каршы туруунун, конкреттүү укуктук механизмдерин калыптандырган мыйзамдардын сапаттуу базасын түзүшүбүз керек.
Масштабдуу жыйын Москвада өттү. Жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында биологиялык курал жасоого жол бербөө тууралуу да сөз болду. Мындан тышкары, парламенттик ассамблеянын байкоочу тобунун Казакстандагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуусунун жыйынтыгы да талкууланды. Жыйындын катышуучулары саясий жарыштын эл аралык стандартка ылайык өткөнүн белгилеп өтүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков