Казакстанда сейрек кездешүүчү металлдарды изилдөө боюнча
аймактык борбор түзүлөт. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандагы
самитте айткан. Аны ишке ашыруу бүтүндөй Борбор Азия регионунун геологиялык
тармагынын дараметин жогорулатууга жаңы импульс берет. Бул жаатта белгилей кетчү нерсе, жакында гана Караганда
облусундагы Күйректикөл участогунда
сейрек кездешүүчү металлдардын ири кен жайы ачылган. Окумуштуулар белгилегендей анын кору 20
миллион тоннадан ашык казылып алынган байлыкты камтыйт. Серепчилердин айтымында,
бул жер казынасында табылган сейрек кездешүүчү металлдардын кору боюнча
дүйнөдөгү эң ири кен болуп саналат.
Нурлан Маукулов, Борбордук Казакстан аймак аралык геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин башчысы:
- Казакстанда дал ушул сейрек металлдар топтолгон кен буга чейин болгон эмес. Бул теңдешсиз жаңы өнөр жай очогу деп айтууга болот. Башкача айтканда, уникалдуу кенди иштетүү региондун, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизет деп күтүлүүдө. Кенди байытуу технологиясын иштеп чыгуу жана бул жерден баалуу компоненттерди алуу менен Казакстандын инвестициялык тартымдуулугу жогорулайт.
Белгилей кетсек, Евробиримдик экономикасына зарыл болгон 34 чийки заттын ичинен 19 түрү бизде өндүрүлөт. Эски континенттин рыногуна Казакстандан уран, титан, жез, литий, кобальт, вольфрам сыяктуу элементтери жиберилет. Азыркы учурда мамлекеттик баланста сейрек кездешүүчү металлдардын 100дөн ашык кендери бар. Алдыңкы тажрыйбалар массалык киргизилип жаткан тоо-кен өндүрүшүнүн темпи жакшы. 2018-2023-жылдар аралыгында эле бул тармакка 1 миллиард долларга жакын жеке жана чет элдик инвестиция тартылган.
Маргулан Байбатыров, өнөржай жана курулуш министрлиги геология комитети төрагасынын орун басары:
- Өлкөдө жер казынасын пайдалануу чөйрөсү активдүү өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө биз Казакстандын кен байлыктарын чалгындоого 3 миңге жакын лицензия бердик. Демек, бул жаатта квалификациялуу адистерге суроо-талап өсүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

