Казакстанда ИИМдин башкаруу академиясы ачылды

Казакстанда ИИМдин башкаруу академиясы ачылды

Казакстанда Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясы түзүлдү. Жаңы окуу жайы Президент жарыялаган «Мыйзам жана тартип» жумалыгынын алкагында ишин баштады. Анын ачылышына Премьер-министр катышты. Академия санариптик лаборатория жана санариптик чечимдер аудиториясы, жол коопсуздугун жасалма интеллекттин жардамы менен талдоо, патрулдук автоунааларды аралыктан көзөмөлдөө платформасы, роботтоштурулган техника, «акылдуу көз айнек» сыяктуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган. Окуу программасы башкаруу компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталган. Жыл сайын жетекчилик курамды даярдоо үчүн 100дөн ашык, ошондой эле магистратура жана докторантура боюнча 30 адам билим алат. Академия ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнөн угуучулардын алгачкы тобун даярдоону баштады.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Академияга тажрыйбасы бар, тиешелүү натыйжаларга жетишкен, пландары айкын укук коргоо кызматкерлери келет. Академия заманбап жаңы талаптарга ылайыкташкан башкаруучуларды, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоонун татыктуу аянтына айланат деп ишенем. Дал ушул жерде келечектеги реформалардын негизи салынып, командалык иш жана бүткүл укук коргоо системасынын интеллектуалдык тиреги калыптанат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков