Казакстандык полиция кызматкери 30 тонналык аба транспортун ордунан жылдырып, рекорд жаңыртты

Казакстандык полиция кызматкери 30 тонналык аба транспортун ордунан жылдырып, рекорд жаңыртты

Казакстандык полиция кызматкери учакты сүйрөө боюнча 5-дүйнөлүк рекорд койду. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү Бауыржан Камалиев салмагы 32 тоннадан ашкан учакты 10 метрден ашык аралыкка сүйрөдү. Ал өзүнүн бул ийгилигин Улуттук гвардиянын авиабазасында жүзөгө ашырып, алдыда келе жаткан кесиптик майрамына арнады. Ал эми бул жыйынтыкты расмий түрдө Казакстандын рекорддор китебинин өкүлү каттады.

 

Бауыржан Камалиев, ИИМ аскер-тергөө департаментинин кызматкери:

 

-Менде бир гана жумуш-көнүгүү-үй, жумуш-көнүгүү-үй-бүлө. Ошондуктан бул сынак мен үчүн жеңил болду. Анткени мен дайыма чымыр болушум керек.  Мен өз мекениме, туулган жериме кызмат кылууга ар дайым даярмын.

 

Куандык Кудайбергенов, рекорддор китебинин расмий өкүлү:

 

-Эгер аралык дөңгөлөктөрдөн эсептелсе, болжол менен 10 метрдей болот. Ошондуктан, Бауыржан, Ички иштер министрлигинин аскер кызматкери катары, полиция кызматкери катары бул учакты сүйрөдүңүз.

 

Белгилей кетсек, Улуттук гвардиянын учак жана тик учак паркы аскер кызматкерлерин, гуманитардык жүктөрдү ташуу, адамдарды коопсуз жерге көчүрүү үчүн түзүлгөн. Мисалы, ушул эле учак Түркияга, Сирияга, Ооганстанга барган. Ал суу ташкыны менен күрөшүү үчүн да колдонулган. Авиация эскадрилия эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Алматы облусунда түзүлгөнүн да айта кетели. Бирок 2017-жылы тез арада чара көрүү үчүн Астанага көчүрүлдү.

 

Талгат Буланов, ИИМ улуттук гвардиянын авиациялык эскадрилия командиринин орун басары:

 

-Учурда бизде учактын үч түрү бар. Алар Ан-74, Ан-26 жана Кытай өндүрүшүндөгү Уай-8 жаңы учактары. Алар 20 тоннага чейин жүк ташуу боюнча флагман болуп эсептелип, өлкөдө жакында болгон өзгөчө кырдаал учурунда чоң жардам берди. Чоң жыйынтык көрсөттү. Суу каптоо учурунда бардык жүктөр ушул учактар ​​менен ташылды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков