Казакстандын президенти Пекиндеги аскердик парадга катышты

Казакстандын президенти Пекиндеги аскердик парадга катышты

Казакстандын президенти ардактуу конок катары Бээжинде Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин жана жапон милитаристтерине каршы күрөштүн 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышты. Касым-Жомарт Токаев жана КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен бирге трибунада Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынан келген 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары болду. Аянтка 50 миңден ашуун көрүүчү чогулду.

Кытай Элдик-боштондук армиясынын 45 аскерий курамы парадга катышты. 100дөн ашык учуучу аппарат жана бир нече жүз жер үстүндөгү техника тартылды. Параддын өзгөчөлүгү стратегиялык курал-жарактын жаңы түрлөрүнүн көрсөтүлүшү болду. Заманбап техника, гиперүндүү, жогорку тактыктагы курал, ошондой эле учкучсуз жана учкучсуз аппараттарга каршы аппараттар көрсөтүлдү. Андан ары Касым-Жомарт Токаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын атынан жогорку даражалуу коноктордун урматына уюштурулган салтанаттуу кабыл алууга барды. Ушуну менен Казакстан Президентинин Кытайга болгон расмий сапары аяктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков