Мамлекет башчысы «Казпочта» АК башкарма төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы «Казпочта» АК башкарма төрагасын кабыл алды

Казпочта биринчи жолу Дүйнөлүк почта союзунун рейтинги боюнча алдыңкы 50 оператордун катарына кирди. Жеткирүү жараянын оптималдаштыруунун эсебинен өткөн жылы почта жөнөтмөлөрүнүн көлөмү 26%га өскөн. Тактап айтканда, 20 миллион, анын ичинде 9 миллион эл аралык жүк жеткирилген. Компаниянын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу Казакстандын Президентине «Казпочта» башкармалыгынын төрагасы маалымат берди. Асел Жанасова акыркы эки жылда "Казпочта" таза киреше таап, бюджетке 45 миллиард теңге салык төлөгөнүн билдирди. Ошондой эле почта инфраструктурасын жаңылоо иштери улантылууда. Бул максатта 50 миллион доллар инвестиция тартылган. Мындан тышкары, эл аралык рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылган Keruen кызматы өнүгүп жатат. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт КМШга багытталган өлкөнүн транспорттук-логистикалык дараметин электрондук соода чөйрөсүндө өнүктүрүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча ишти улантууну тапшырды. 

Асел Жанасова, «Казпочта» АК башкарма төрагасы: 

- Логистикалык транзиттик хабдын алкагында Алибабанын туунду компаниясы Cainiao менен бирге КМШнын 9 мамлекетине электрондук товарларды ташыйбыз. Ошондой эле санариптештирүүнүн жүрүшүндө жапон почтасы жана Toshiba компаниясы менен биргеликте биздин кампалардын ичинде автоматташтыруу жана роботтоштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков