Казакстан президенти Орусия Федерациясынын кеңешинин төрагасы менен кездешти

Казакстан президенти Орусия Федерациясынын кеңешинин төрагасы менен кездешти

Казакстан менен Орусиянын өз ара мамилелери динамикалуу өнүгүүдө. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Валентина Матвиенко менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле, Президент Федерация Кеңешинин Төрагасынын сапары парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө көз карашынан гана эмес, Казакстан менен Орусиянын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүү үчүн да маанилүү экенин белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:


- Биздин мамлекеттердин ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүүдө. Жакында Владимир Владимирович Путин биздин өлкөгө мамлекеттик сапар менен келди. Бул эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн, союздаштыктын өнүгүшүнө жаңы дем берди. Мен эки тараптуу мамилелердин келечеги чоң деп эсептейм.


Ошондой эле, мамлекет башчысы парламенттер аралык дипломатиянын өзгөчө ролун белгилеп, депутаттар эки тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыгын илгерилетүүгө олуттуу салым кошот деп эсептейт.  Өз кезегинде Валентина Матвиенко Касым-Жомарт Токаевге меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Орусиянын президентинин саламын жеткирди. Владимир Путин Астанадагы сапарынын жыйынтыктарына жогору баа бергенин белгиледи.


Валентина Матвиенко, Орусия Федералдык кеңешинин төрагасы:


- Орусия президентинин Казакстанга сапары абдан ийгиликтүү жана натыйжалуу болду. Эң башкысы, өз ара пайдалуу жана сый-урматка негизделген кызматташтыгыбыздын темпи өсүп жатат. Казакстан менен Орусия президенттеринин биргелешкен аракети менен эки тараптуу мамиле болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Товар жүгүртүү, инвестиция, өндүрүштөгү ири долбоорлор, энергетика, айыл чарба сыяктуу кайсы тармакты карабайлы, биз эки өлкөнүн ортосундагы бекем стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын чыныгы мисалын көрөбүз.


Тараптар ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков