Казакстандын президенти Армениянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев Никола Пашинянды Вашингтондо Азербайжан менен тынчтык орнотуу жөнүндө декларацияга кол койгону менен куттуктады. Бул документ Түштүк Кавказда кеңири эл аралык кызматташтыкка жана Казакстан менен Армениянын экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүсүнө жол ачат. Мамлекет башчысы ошондой эле Астанада Армениянын премьер-министринин расмий сапарына даярдыктар башталганын белгиледи. Ал ушул жылдын аягына пландаштырылган. Өз кезегинде Никола Пашинян Казакстандын эки өлкөнү жараштыруу боюнча ишмердүүлүгүнө оң баасын берди.
Которгон: Назира Бегалиева

