Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Республика күнүнүн
алдында казакстандыктарды улуттук майрамы менен куттуктады. Президент
белгилегендей, быйыл өлкө мамлекет тарыхындагы эң маанилүү чек ара болгон
Эгемендүүлүк жөнүндө декларациянын кабыл алынганынын 35 жылдыгын белгилеп
жатат. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, өткөн он жылдыктарда Казакстан
дүйнөлүк коомчулуктун таануусуна ээ болуп, мамлекеттүүлүктүн негиздерин түздү,
чек араларды белгилеп, биримдикти чыңдады. Ал эми акыркы жылдары өлкөдө элдин
бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү кадамдар жасалды.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан
жаңылануу жолуна түштү. Жалпы улуттук референдумдун жыйынтыгы менен
Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилди. Парламенттин ыйгарым укуктары кеңейди,
Өкмөттүн жоопкерчилиги жогорулады. Конституциялык сот түзүлдү. Адам укуктары
боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институту конституциялык макамга ээ болду. Ушул
жылдын теке
айынан баштап кассациялык соттордун системасы иштей баштады. Бул коомдогу
адилеттүүлүктү чыңдоодогу маанилүү кадам болуп калды.
Натыйжалуу саясий реформалардын аркасында терең трансформация башталды.
Өлкөнүн экономикасы да динамикалуу өнүгүүгө жетишти. Транспорт тармагы өнүгүүдө
– бул жылы 13 миң чакырым жол курулуп, оңдолду, Достук-Мойынты темир жолунун
экинчи желеси ишке кирди. Жыл башынан бери кайра иштетүү өнөр жайынын өсүшү
7,5%ды түздү. Ал эми экономикада чакан жана орто бизнестин үлүшү 40%га жетти.
Айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү көлөмү 2,5 эсеге көбөйдү. Курулуш тармагы да
алдыңкы сапта. Өткөн жылы эле 19 миллион чарчы метрге жакын турак жай курулган.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан
биздин региондогу эң ири экономикага ээ. Жан башына эсептегенде ИДӨ 47%га өсүп, 14 400
долларга жетти. Бул КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.
Казакстандын алтын-валюта резервдери 58 миллиард долларга жетти. Жети жылдын
ичинде тышкы соода жүгүртүү 83%га көбөйүп, бүгүнкү күндө анын көлөмү 142
миллиард долларды түзөт.
Кийинки стратегиялык милдет – үч жылдын ичинде Казакстанды толук кандуу санарип өлкөгө айландыруу. Президент жасалма интеллект жана санариптик куралдар өнүгүүгө кызмат кылышы керектигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы бүгүн реформалардын маанилүүлүгү жөнүндө да айтты. Ошентип, пландаштырылган өзгөртүүлөр парламенттин ыйгарым укуктарын жана кадыр-баркын күчөтөт. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр парламентке гана эмес, президент, өкмөт жөнүндөгү бөлүмдөргө да тиешелүү болот. Касым-Жомарт Токаев бир палаталуу парламентти партиялык тизмелер боюнча гана түзүү партиялардын институционалдык жактан чыңдалышына жана шайлоочулар менен иштешине өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Ал эми жергиликтүү деңгээлде, башкача айтканда, маслихаттарда көпчүлүк системасын сактап калуу керек. Салтанаттуу иш-чаранын соңунда Президент бир катар казакстандыктарды өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

