Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмираттарына «Абу
Дабинин туруктуу өнүгүү жумалыгы» саммитинин ишине катышуу үчүн келди. Мамлекет
башчысын Абу-Даби аэропортунан вице-президент шейх Мансур бен Заид Аль Нахаян
тосуп алды.
Казакстан
менен БАЭ соода алмашуусун 1 млрд долларга чейин көбөйтүүгө кызыкдар
Касым-Жомарт Токаев менен БАЭнин президентинин сүйлөшүүлөрү Qasr Al Shatie сарайында өттү. Мамлекет башчысы шейх Мохаммед бен Заид Аль Нахаянга көрсөткөн урмат-сыйы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, "Абу Дабинин туруктуу өнүгүү жумалыгынын" ийгиликтүү өтүшүн каалады. Казакстандын президенти Бириккен Араб Эмираттары араб дүйнөсүндөгү башкы өнөктөш экенин белгилеп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер достук, ишеним жана өз ара урматтоо духунда өнүгүп жатканына көңүл бурду. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев БАЭнин Президентин Казакстанга келип кетүүгө чакырды. Бүгүнкү күндө Эмираттар өлкөнүн экономикасына инвестиция салган он ири чет элдик инвесторлордун катарына кирет. Өткөн жылы аталган мамлекеттен келген түз инвестициялардын көлөмү эки эсеге өстү. Жакынкы аралыкта өз ара соода алаканы 1 миллиард долларга жеткирүү максаты турат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

