Президент кайрылуусунда казакстандыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган системалуу экономикалык өзгөрүүлөргө басым жасады. Касым-Жомарт Токаев белгилеген келечектүү багыттар мамлекеттик саясаттын көңүлүн аталган милдеттерди чечүүгө бурду. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик кеңешчиси социалдык тармактагы баракчасында белгиледи.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
– Кайрылууда жүзгө жакын түрдүү демилгелер, сунуштамалар, тапшырмалар бар. Мисалы, салык системасын кылдаттык менен кайра жүктөө, кичи жана орто бизнести колдоо боюнча чаралардын комплексин оптималдаштыруу, айыл чарба тармагына жеткиликтүү насыя берүү, адилет жана эффективдүү тариф саясатын жүргүзүү, транспорт инфраструктурасын модернизациялоо, квалификациялуу адистерди даярдоо, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана массалык санариптештирүү менен жарандардын коопсуздугун комплекстүү камсыздоо сыяктуу артыкчылыктарды белгилесе болот. Жалпысынан кайрылууда күнүмдүк көптөгөн милдеттерди чечүүнүн жана өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүүнүн жолдоруна басым жасалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков