Казакстан менен Литва илимпоздору ири долбоорлорду жүзөгө ашырат

Казакстан менен Литва илимпоздору ири долбоорлорду жүзөгө ашырат

Казакстандын илимий-изилдөө борборлору Европанын абдан масштабдуу тармактык программасына кошулуусу мүмкүн. Буга өлкөнүн Улуттук биотехнология борбору менен Литванын Саламаттык сактоо илимдер университетинин ортосунда кол коюлган меморандум түрткү болду. Чет элдик окумуштуулар ата мекендик серепчилер менен келечектеги кызматташууну талкуулоо үчүн атайын Астанага келишти. Ошентип, тараптар кардиология, клеткалык жана геномдук технологиялар, генетика өңдүү бир катар багыттар боюнча ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырууну көздөшүүдө. Мындан тышкары, илимпоздор тармактын башка аспектилери боюнча да тажрыйба алышат. Белгилей кетсек, «Европалык горизонт» программасы климаттын өзгөрүшү, адамдардын ден соолугу жана айлана-чөйрөнү коргоо, акылдуу шаарларды өнүктүрүү сыяктуу коомдун эң актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү жолдорун изилдөөгө багытталган.

Күнсулу Закария, Президент алдындагы Улуттук илимий академиясынын президенти:
- Литванын жашоо жана саламаттыкты сактоо илимдери университетинин окумуштуулары Казакстандан өнөктөш издеп жатышат. Кызматташтыкты түзүү максатында Улуттук биотехнология борборуна барып, ал жердеги адистер менен жолугушту. Сапардын жүрүшүндө ал өлкөнүн башка алдыңкы илимий борборлорунун лабораториялары менен таанышат. Литвалык меймандар жергиликтүү кесиптештери менен европалык «Горизонт» аттуу атайын илимий-техникалык программасына биргелешкен арыздарды берүү жана жалпы тармактык маселелерди талкуулап жатышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков