Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин айыл чарба кызматкерлеринин биринчи форумунда сөз сүйлөдү

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин айыл чарба кызматкерлеринин биринчи форумунда сөз сүйлөдү

Астанада айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата алгачкы адистештирилген форум өттү. Ал республиканын бардык аймактарынан 2 миңден ашуун катышуучуларды чогултту. Мамлекет башчысы тармакты өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Казакстанда жерди өздөштүрүү башталгандан берки 70 жылдын ичинде агрардык тармак олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Азыр өлкө айдоо жерлеринин жана жайыттардын аянты боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат, буудайды экспорттогон он ири мамлекеттин катарына кирет жана унду экспорттоо боюнча лидер болуп саналат. Казакстан азык-түлүк коопсуздугунун глобалдык индекси боюнча КМШ өлкөлөрүнөн алдыда. Бирок, президент жетишкендиктер менен токтоп калууга болбой турганын белгилеп, жаңы милдеттердин спектрин аныктады. Ошентип, агроөнөр жай комплекси экономикалык өсүштүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болууга тийиш. Бул үчүн, биринчи кадам жеткиликтүү каржылоо болушу керек. Тармак өнөр жайды индустриялаштыруу, санариптештирүү, жаңы технологияларды колдонуу жана илимий жетишкендиктерге муктаж. Өзгөчө соңкусу жылкы чарбасын колдоо үчүн колдонулат. Бул максатта илим-изилдөө институту ачылат. Ал эми өлкөдө тармактын кызматкерлеринин эмгегин баалаган жаңы «Казакстандын агрардык тармагына эмгек сиңирген ишмер» деген наам дайындалат. Касым-Жомарт Токаев мамлекет менен агробизнестин ортосундагы жетишкендиктерди мындан ары да жыл сайын форумда текшерип тураарын баса белгиледи. Президент ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсүн карап чыкты. Казакстандык компаниялар терең кайра иштетилген өнүмдөрүн, заманбап агротехнологияларды жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы жаатындагы жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков