Казакстанда «Акимдер мектеби» программасы старт алды

Казакстанда «Акимдер мектеби» программасы старт алды

Казакстанда райондордун, облустук шаарлардын, айылдардын жана шаарлардын акимдерин окутуу программасы башталды. Окуу бугу айынын ортосуна чейин уланат. Бул убакыттын ичинде эки миңден ашык адам 17 модулду изилдеешет. Алар стратегиялык жана бюджеттик пландаштырууга, салык мыйзамдарына, ошондой эле коммуналдык кызматтарды жана инфраструктураны башкарууга тиешелүү. Ошону менен бирге курстун катышуучуларына аймактагы ишкердикти өнүктүрүү жана бизнес үчүн тартымдуу шарттарды түзүү, инвестиция тартуу тууралуу айтып беришет, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин этикасынын негиздери жана коммуникацияларды өнүктүрүү боюнча маалымат беришет. Белгилей кетсек, акимдер өлкө президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында – анын филиалдары аркылуу окутулат.

Ерлан Абил, Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору:

- Мурда бул курстар, тигил же бул акимдин талабы менен гана максаттуу жүргүзүлсө, азыр биз масштабдуу үнөмдөө аркылуу акимдерди бириктирип, аларга натыйжалуу иш алып баруу үчүн бардык компетенцияларды берип жатабыз. Биз акимдерге медиа-машыктыруучулар менен иштөө мүмкүнчүлүгүн беребиз, алар инструменттери, иштөө ыкмалары менен, ЖМКлар, коомдук активисттер, блоггерлер менен таанышат, бул программалардын алкагында алар жетиштүү көлөмдө билим жана жетиштүү компетенция алышат деп ишенем.

Эске сала кетсек, Казакстанда саясий реформалардын алкагында айыл акимдерин түз шайлоо – жашыруун добуш берүү тажрыйбасы киргизилген.  Ал биринчи жолу 2021-жылы өткөрүлдү. Ал эми 2023-жылдан тарта район-шаарлардын акимдери бул система боюнча пилоттук режимде, ал эми 2025-жылдан баштап бардык жерде - калган райондук маанидеги шаарларда шайланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков