Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Тажикстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Тажикстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр. Ушул жана башка маселелерге Казакстан менен Тажикстандын президенттери сүйлөшүүлөрдө өзгөчө көңүл бурушту. Эске сала кетсек, Касым-Жомарт Токаев Дүйшөмбүдө иш сапары менен жүрөт. Жолугушууда өлкө башчылары эки тараптуу мамилелердин абалын, өнүгүү келечегин жана мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

 

Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусуна катышты

 

Андан соң Казакстандын президенти Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын V Консультативдик жолугушуусуна катышты. Ал өз сөзүндө ири аймактык долбоорлор өз ара пайда алып келерин жана аймактын экономикасынын бүт конфигурациясын өзгөртөөрүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Казакстан Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү менен көп кырдуу өнөктөштүктү чыңдоо боюнча стратегиялык багытты бекем карманарын баса белгиледи.