Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев мекеменин жетекчилиги менен болгон жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы жаңы дайындалган төрага Асхат Жумагалини тааныштырып, алдыдагы мезгилге бир катар милдеттерди жүктөдү. Тактап айтканда, 2022-2026-жылдарга карата коррупцияга каршы саясаттын концепциясын ишке ашыруу, кызмат адамдарынын арасындагы коррупцияны аныктоо жана алдын алуу, маалыматтык-түшүндүрүү иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзүү зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков