Казакстан глобалдык климаттык күн тартибине бекем карманат. Өлкө алдына 2060 – жылга чейин көмүртектин бейтараптуулугуна жетишүү максатын койду. Бул тууралуу бүгүн Касым-Жомарт Токаев БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференциясынын эгидасы астында СОР-29 алкагында өтүп жаткан климаттык иш-аракеттер боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде айтты. Мамлекет башчысы пленардык жыйында биринчи болуп чыгып сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун аракеттеринин жалпылыгы маанилүү экенин баса белгиледи. Ошондой эле болжолдонгон каржылоого жана заманбап технологияларга жетүү. Муну менен катар климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу аймактарга, анын ичинде деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Борбор Азия глобалдык эмиссиянын 1% гана түзгөнүнө карабастан, бул аймак көптөгөн климаттык тобокелдиктерге туш болууда. Климаттын өзгөрүшүнө каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, биз жигердүү жасалма интеллект, спутниктик мониторинг сыяктуу алдыңкы технологияларды колдонушубуз керек. Ошондой эле алдын ала эскертүү, суу жана жер ресурстарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылган башка санариптик шаймандардын болуусу абзел.
Муну менен катар Касым-Жомарт Токаев дүйнө жүзү боюнча суу ресурстарына байланыштуу көйгөйгө токтолду. Бул өзгөчө глобалдык суу циклине таасир этет. Соңку кездери табигый кырсыктардын 80 пайыздан ашыгы аталган аймакта болуп жатат. Президент быйыл Казакстан болуп көрбөгөндөй суу ташкынына туш болгонун белгиледи. Азыр республикада тобокелдиктерди башкаруунун комплекстүү системасын киргизүү каралып жатат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Суу көйгөйүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында ушул жылдын бештин айында Франция менен биргеликте One Water саммитин өткөрөбүз. Форумдун катышуучулары дүйнөлүк деңгээлде суу ресурстарын башкаруу маселелерин талкуулашат. Бүгүнкү күндө Каспий деңизине коркунуч жаралып турат. Дүйнөдөгү эң чоң көлдү сактап калуу жалпы жоопкерчилик жана узак мөөнөттүү эл аралык кызматташтыкты талап кылат. Буга байланыштуу биз президент Илхам Алиевдин Каспий боюндагы мамлекеттердин серепчилер тобун түзүү сунушун колдойбуз. Ошол эле учурда Казакстан Аралды сактап калуу боюнча конкреттүү чараларды көрүп жатат.
Бүгүнкү күндө адамзат үчүн көмүртектин изин азайтуу маанилүү. Буга туруктуу айыл чарбасына өтүү жардам бере алат. Мында Казакстандын– 200 миллион гектар айыл чарба жеринин ээси катары чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, өлкө "көмүртек дыйканчылыгын" киргизүү үчүн идеалдуу аянтча болуп саналат. Бул ыкмалар парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтууга жана кыртыштын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Президент бардык кызыкдар тараптарды Казакстандын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө чакырды. Республиканын мүмкүнчүлүктөрү ушуну менен эле бүтпөйт. Казакстан дүйнөлүк рынокто 43% уран жеткирүүчү катары аз көмүртектүү өзөктүк энергияны өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков