Түрк мамлекеттери уюмуна катышуучу мамлекеттер Казакстандын бир катар демилгесин колдоду

Түрк мамлекеттери уюмуна катышуучу мамлекеттер Казакстандын бир катар демилгесин колдоду

Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөр Казакстандын жашыл каржы жана Борбордук банк кеңештерин түзүү, ошондой эле «TURAN» атайын экономикалык аймагын ачуу боюнча демилгелерин бир добуштан колдошту. Бишкекте уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлеринин 13-жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Казакстандын Премьер-министринин орун басары - Улуттук экономика министри катышты. Нурлан Байбазаров өз сөзүндө Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Венгриядан келген кесиптештерине өлкө түрк интеграциясын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана боордош мамлекеттердин сунуштарын дайыма кубаттай турганын белгиледи. Бул тууралуу өз ара экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөгөн түрк Инвестициялык фонду далилдеп турат. Тараптар мамилелер тармагын арттыруу боюнча башка маселелерди да талкуулашты. Тармактык министрлердин кийинки жолугушуусу Түркестанда өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков