Бир палаталуу Курултайга шайлоо баш оона айында өтөт

Бир палаталуу Курултайга шайлоо баш оона айында өтөт

Бир палаталуу Курултайга депутаттарды шайлоо баш оона айында өтөт. Бул тууралуу бүгүн Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев билдирип, коомчулукту жана саясий партияларды мамлекеттик маанилүү процесстер тууралуу алдын ала маалымдоонун зарылдыгын баса белгиледи. Президент тиешелүү Жарлыкка жаңы Конституция күчүнө кирген теке айынын 1нен кийин дароо кол коюлаарын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, ушундай жол менен партиялар азыр шайлоо өнөктүгүнө жана шайлоочулар менен иштөөгө толук кандуу даярдануу үчүн так пландаштыруу горизонтуна жана керектүү убакытка ээ. Эскерте кетсек, жалган куран айынын 15де жалпы республикалык референдумда казакстандыктар жаңы Конституцияны кабыл алууну жана бир палаталуу Курултайга өтүүнү колдошкон.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

Партияларда шайлоочулар менен тиешелүү иштерди жүргүзүүгө жетиштүү убакыт болот, тагыраак айтканда, беш айга жакын. Курултайга шайлоо Казакстандын бүткүл саясий системасын масштабдуу «кайра куруу» процессинин башталышы болмокчу. Ошол эле учурда, мен бир нече жолу белгилегендей, биз жүргүзүп жаткан саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр коомдогу оң «менталдык» өзгөрүүлөр менен тыгыз байланышта болушу өтө маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков