Азербайжанда Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө

Азербайжанда Казакстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Бул иш-чара эки боордош элди жакындаштырып, алакасын бекемдөө максатында өткөрүлүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият жана маалымат министри Аида Балаева Азербайжан президентинин жардамчысы жана администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен болгон жолугушууда билдирди. Тараптар эки боордош мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты чыңдоонун келечегин жана дараметин талкуулашты.

Аида Балаева, Маданият жана маалымат министри:
- Президентибиз Азербайжан менен мамилени өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Буга мамлекет башчыларынын өз ара иш сапарлары далил боло алат. Өнөктөштүк бардык тармактарда жогорку деңгээлде өнүгүүдө.  Бул тилдин, диндин, каада-салттын окшоштугуна негизделген жалпы маданий мурастар жана туугандык байланыштарга катыштуу. Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча Физули шаарында Курмангазы атындагы балдардын чыгармачылык борборунун курулушу аяктап жатат. Бул Азербайжан элине достук жана өз ара колдоону билдирген белек. Ал эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелердин символуна айланат деп ишенем.

Казакстандын маданий күндөрүнүн алкагында азербайжандыктар “Хассак” этно-фольклордук ансамблинин аткаруусунда заманбап мотивдер менен аралашкан казак композиторлорунун чыгармаларын угуп, Казак мамлекеттик балдар жана жаш өспүрүмдөр театры сахналаштырган Мухтар Ауэзовдун “Кара көз” трагедиясын көрө алышты. Мындан тышкары, казакстандык сүрөтчүлөрдүн ар кыл жанрдагы көз жоосун алган эмгектери да коомчулукка тартууланды. Кеңири масштабдуу иш-чаранын жүрүшүндө гала-концерт уюштурулду. Белгилей кетсек, 2024-жылы Казакстанда Азербайжандын маданият күндөрү өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков