Казакстанда 2026-жылы бир эле учурда үч шаарда калдыктарды энергетикалык кайра иштетүүчү заводдор курулат. Бул долбоорлор Астана, Алматы жана Шымкент шаарларында ишке ашырылууда. Экология министрлиги менен акимдиктерге премьер-министр Олжас Бектенов алардын курулушун тездетүүнү жана сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды. Жалпы наркы 300 млрд теңгеге жакын бааланган бул долбоорлор кытайлык инвесторлор менен биргеликте ишке ашырылмакчы. Казакстанда калдыктарды башкаруунун 5 жылдык концепциясы иштелип чыкты. Анын алкагында бирдиктүү маалыматтык платформа түзүлөт. Системага бардык таштанды жайлары жана калдыктардын кыймылына тиешелүү маалыматтар киргизилет. Жасалма интеллект маалыматтарды талдап, тобокелдиктерди болжолдойт. Кайра иштетүү кубаттуулугун так эсептөөгө көмөктөшөт.
Олжас Бектенов, Казакстан премьер-министри:
- Калдыктардын бардык түрлөрүн башкаруу концепциясын ишке ашыруу экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн так көзөмөл жана болжолдоо системасын калыптандырууга мүмкүндүк берет. Бул кайра иштетүү жана кайра пайдаланууга багытталган калдыктарды башкаруу тармагынын өнүгүшүнө түрткү берет. Аталган ыкма президентибиздин жаратылышты аяктоо боюнча экологиялык маданиятты калыптандырууга багытталган «Таза Казакстан» демилгесинин талаптарына ылайык келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

