Чет элдик инвесторлор Казакстанда ири долбоорлорду жүзөгө ашырат

Чет элдик инвесторлор Казакстанда ири долбоорлорду жүзөгө ашырат

Чет элдик инвесторлор Казакстанда бир нече долбоорду ишке ашырат. Маселен, австриялык компания Акмола облусунда карапа таш өндүрүүчү завод курууга ниеттенүүдө. Аймактык акимчиликтин маалымдашынча, учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чет элдик компаниянын өкүлдөрү таанышуу үчүн каолин кору жана бай «Ельтайское» кен жайында болушту. Азыр инвесторлорго бардык керектүү маалыматтар берилип, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Ал эми Алматы облусунда эл аралык компаниялар 5 ири долбоорду ишке ашырат. Америкалык компания кытырак картошка жасап чыгара турган завод ачууга белсенүүдө. Орусиялык компаниялар А категориясындагы кампаларды куруп, логистикалык комплекстерди курууну мерчемдеп жатышат. Ал эми түштүк кореялыктар тамеки өндүрүш жайын пайдаланууга берүүнү көздөйт. Ошондой эле, аймакта кийим-кече жана турмуш-тиричилик буюмдарын сатуу борбору ачылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков