Казакстан
жана Европа Биримдиги стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөнү улантууда. Эки
тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечегин Брюсселде өткөн тегерек
столдо Европа парламентинин үч фракциясынын депутаттары, жана Борбор Азия
өлкөлөрү менен байланыштар боюнча делегациянын мүчөлөрү талкуулашты.
Катышуучулар Казакстандын экономикалык чөйрөдөгү өнүгүүсүн
жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий модернизацияга, мамлекеттик башкаруу
тутумун жакшыртууга, институттарды демократиялаштырууга багытталган
реформаларды белгилешти. Европалык серепчилердин пикири боюнча, Казакстан
тандаган багыты өлкөнү ЕБ үчүн жагымдуу жана алдын ала айтууга мүмкүн болгон
өнөктөш кылат, ал эми тажрыйбасы Борбор Азия үчүн гана эмес, Европанын өзү үчүн
да кызыкчылык туудурат.
Мишель А. де Кемметер, Брюссель башкаруу мектебинин чакырылган профессору:
– Бул Европа үчүн абдан
шыктандыруучу мисал. Бизге бул керек болот, анткени бул жерде, Европада, биз
абдан бөлүнүп турабыз. Бул чындыгында эле Казакстандын өкмөтү бизге да жөнөткөн
абдан күчтүү саясий жана геосаясий белги. Азыр тарыхый учур –
жаңы геосаясий тең салмактуулук Казакстанга Борбор Азиядагы позициясын
бекемдөөгө, ал эми Европага өлкөнү жана биз бирге өнүктүрө ала турган
мүмкүнчүлүктөрдү жакшыраак таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Транспорттук өз ара
байланыш маселелерине, анын ичинде Ортоңку коридорду өнүктүрүү, Казакстан менен
Европанын ортосундагы түз авиакаттамдарды кеңейтүү, ошондой эле Казакстан менен
Европа Биримдигинин ортосунда виза режимин жөнөкөйлөштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү
илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Пьер Пимпи, Европа
парламентинин депутаты:
– Мен сиздердин өлкөңүздө болуп жаткан окуяларды, бардык жүрүп жаткан реформаларды абдан кылдаттык менен байкап турам. Сиздердин өлкөңүз барган сайын маанилүү роль ойноп жатат деп ойлойм. Бул анын географиялык жайгашуусу – Орусия менен Кытайдын ортосунда. Ошондой эле бул жер сейрек кездешүүчү минералдарга бай. Казакстан, Франция жана ЕБ ортосундагы сооданы көбөйтүү зарыл деп эсептейм. Мына ошондуктан мен бул жердемин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

