Жыйында мамлекет башчысы экономикалык интеграциядагы Биримдиктин үстөмдүк ролуна көңүл бурду. Бул жаатта уюмга мүчө өлкөлөр үчүн транспорт жана коммуникация тармагында интеграцияны жолго коюу, башкача айтканда, транспорт жана логистика тармагындагы эл аралык көйгөйлөрдү кызматташуу менен ишке ашыруу маанилүү, деди президент.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Өткөн жылдын окуялары дагы бир жолу “жаңы глобалдык логистиканын” негизги элементи катары “Түндүк-Түштүк” транспорттук коридорун өнүктүрүү зарылдыгын ачык көрсөттү. Бул меридиан коридору Транскаспий эл аралык транспорт багытынын кеңдигине туура келет. Ошондуктан эки багыт тең ырааттуу, системалуу түрдө иштелип чыкса, бири-бирин толуктай турганын көрүп турабыз. Бул бир гана өнөр жайды, транспортту жана экономиканы өнүктүрбөйт. Ошондой эле бул багыттар эбегейсиз евразиялык мейкиндикте өз ара мамилелерди жана кызматташтыкты түп тамырынан бери өзгөртө алат. Мен муну бекеринен айтып жаткан жокмун. Анткени азыр транспорттук логистика эл аралык кызматташтыкта алдыга чыкты. Чындыгында эл аралык рынокто транспорттук каттамдарга, логистикага жана башка тармактарга ээлик кылуу үчүн күрөш жүрүп жатат. Бул бүтүндөй мамлекет үчүн пайдалуу бизнес. Ушул багытта Евразиялык экономикалык биримдик маанилүү роль ойношу керек деп эсептейм.
Азыркы учурда Евразияда жаңы транспорттук структура түзүлүүдө. Касым-Жомарт Токаев тараптар бул жаатта физикалык инфраструктураны өнүктүрүүдөн тышкары тиешелүү шарттарды түзүүгө басым жасоо зарылдыгын белгиледи. Бул санариптештирүү, бажылык башкарууну оптималдаштыруу жана административдик жүктү азайтуу.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- ЕАЭБ эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана анын популярдуулугун, ошондой эле эл аралык коомчулукта аброюн жогорулатууга артыкчылык бериши керек. Албетте, Евразиялык биримдиктин бедели бул уюмдагы биргелешкен ишибиздин конкреттүү жыйынтыгына негизделүүгө тийиш. Ошондуктан, Кытай, Индия, Вьетнам, Иран, Египет, Израиль, Сербия жана башка өнөктөштөр менен жигердүү мамилелер Биримдиктин өскөндүгүн жана анын соода-экономикалык көз караштан алганда тартымдуулугунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Өткөн жылдан бери Индонезия жана Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштадык. Мен бул багыттарды абдан маанилүү деп эсептейм. Ошондуктан Евразиялык комиссия чукул жана жооптуу иштерди аткарат деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков