Республиканын жаңыланган негизги мыйзамы азыркы замандын бардык чакырыктарына жооп берет. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы Кайрат Мами парламент палатасынын жыйынында билдирди. Ал “Казакстан Республикасындагы конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө” жылдык кайрылуусунда кеңештин 26 жылдык ишинин жыйынтыгын жарыялады. Анын айтымында, 140тан ашык ченемдик токтомдор кабыл алынып, 30 мыйзам жана эл аралык келишимдер конституциялык эмес деп табылды. Коомдук резонанс жараткан бир катар мыйзамдардын кабыл алынышы конституцияга ылайыктуу деп табылды. Алардын арасында – Жер кодекси, азыркы саясий партиялар жөнүндө мыйзам жана башкалар. Референдумда кабыл алынган түзөтүүлөр коомду жана мамлекетти андан ары жаңылоонун укуктук негиздерин түздү. Алар жаңы Казакстанды куруунун жалпы максаттарына жетишүүгө салым кошот - деп баса белгиледи Кайрат Мами.
Которгон: Илгиз Жамалбеков