Казакстанда алдыдагы шайлоо өнөктүгүн жана добуш берүү процессин таза өткөрүү максатында көз карандысыз байкоочунун этика кодекси иштелип чыкты. 13 пункттан турган коомдук документти өлкөдөгү бейтарап байкоочу борбор түздү. Анда саясий кампанияга байланыштуу белгиленген бардык милдеттерди жана бирдиктүү эрежелерди сактоонун тартиби комплекстүү камтылган. Кодекске ылайык, байкоочу ар дайым саясий бейтараптуулукту так сактоого, башка уюмдардын ишин урматтоого, коомдук көзөмөл жүргүзүүгө жана шайлоо процессине кийлигишпөөгө тийиш. Ошондой эле саясий өнөктүк учурунда мыйзамды сактоого жана бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасоого милдеттүү. Жалпысынан шайлоо мыйзамына ылайык, байкоочулар 12 укукка, 7 милдетке жана 4 тыюуга ээ. Белгилей кетсек, коомчулуктун саясий өнөктүккө болгон кызыгуусу артып баратат. Маселен, 2019-жылдагы президенттик шайлоого 45 миң адам байкоочу катары катталса, былтыркы парламенттик шайлоодо алардын саны 74 миңге жеткен. Бул жолу кеминде 100 миң байкоочу катышары күтүлүүдө.
Төлеген Кунадилов, Партиялык эмес байкоочу борбордун төрагасы:
Мыйзамды билбегендик же тажрыйбанын жоктугу мыйзам бузууларга алып келет. Ошон үчүн бул маселелерди изилдеп көрүп, байкоочунун жүрүм-турум кодексинин концепциясын ойлоп таап, коомчулукта талкууладык. Биз аны талапкерлердин республикалык штабынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөлү деп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков