Астанада КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө

Астанада КМШ мамлекет башчыларынын саммити өтүүдө

Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү. Анын ишине Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери катышты. Касым-Жомарт Токаев Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн жетекчилерине Казакстан бир жыл ичинде аткарган иштердин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, биргелешкен иштин аркасында бир катар маанилүү демилгелер ишке ашты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Түркмөнстандын президенти Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедов бүгүнкү жыйынга кеңештин мүчөсү катары биринчи жолу катышууда. Бул жердеги кесиптештеримдин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди куттуктайм жана жооптуу мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди каалайм. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын ачык деп жарыялайм. Бүгүнкү күндө мамлекет башчыларынын кеңешинин кароосуна гуманитардык өнөктөштүк, коопсуздук жана кызматташуубуздун башка аспектилери боюнча маанилүү маселелер сунушталууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков