Казакстан президентинин макаласы француз басылмасы Le Figaroго жарыяланды

Казакстан президентинин макаласы француз басылмасы Le Figaroго жарыяланды

«Казакстан-Франция үчүн стратегиялык жана ишенимдүү өнөктөш». Касым-Жомарт Токаевдин макаласы дал ушундай аталып, аны Le Figaro гезити жарыялады. Материалда Президент диалогду камсыз кылууда жана дүйнөлүк аренадагы кырдаалды турукташтырууда «орто державалардын» ролун күчөтүүгө басым жасады. Алардын катарына Казакстан кирет. Өлкө көп жылдар бою дүйнө жүзү боюнча тең салмактуу тышкы саясатты жана дипломатиялык демилгелерди алдыга жылдырып келет. Буга кошумча Касым-Жомарт Токаев кызматташуунун негизги багыттарын белгиледи. Атап айтканда, француз бизнеси менен – «жашыл» энергетика, санариптик технологиялар жана логистика тармагында. Президент «орто коридордун» мүмкүнчүлүктөрүнө өзүнчө токтолду. Ошондой эле мамлекет башчысы президент Эммануэль Макрон менен биргеликте БУУнун туруктуу өнүгүүсүнүн эң маанилүү максаттарынын бири – таза суу менен камсыз кылуу үчүн «бирдиктүү суу саммити» демилгесин жетектегенине кубанычта экенин белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков