Мамлекет башчысы Хорватиянын тышкы жана Европалык иштер министри Гордан Грлич-Радманды кабыл алды

Мамлекет башчысы Хорватиянын тышкы жана Европалык иштер министри Гордан Грлич-Радманды кабыл алды

Мамлекет башчысы Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радманды кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев хорватиялык компаниялар Казакстандын рыногунда энергетика, инфраструктура, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарда иштөөгө кызыкдар экенин белгиледи. Казакстанда Хорватиянын үлүшү бар 30дан ашык компания ийгиликтүү иштеп жатат. Ал белгилегендей, бүгүнкү жетишилген макулдашуулар соода-инвестициялык кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле маданият жана билим берүү тармактарындагы байланыштарды чыңдоо келечеги талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков