Президент Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысын кабыл алды

Президент Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысын кабыл алды

Казакстандын президенти ШКУнун өзгөчөлүгүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев уюмдун саясий, экономикалык жана маданий чөйрөдөгү өз ара аракеттешүүнү жогорулатуудагы дарамети мыкты экенин билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, аймактык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу үчтүн айынын 1нен тарта ШКУнун Башкы катчысы кызматына киришкен Нурлан Ермекбаев маалымат берди. Касым-Жомарт Токаев ШКУнун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүнүн, эл аралык бирикмелер менен байланыштарды активдештирүүнүн, ошондой эле Казакстандын «өнүгүү үчүн адилеттүү тынчтык, ынтымак жана дүйнөлүк биримдик тууралуу» демилгесин илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков