Казакстан менен Евробиримдик Кеңейтилген өнөктөштүк келишиминин аткарылышын талкуулайт. Баш оона айынын 21де Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин депутаттары өлкөгө иш сапары менен келерин Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Делегация Мамлекеттик кеңешчи, Мажилистин Эл аралык иштер жана коргоо комитетинин төрагасы, Адам укуктары боюнча комиссары, ошондой эле бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар виза режимин жеңилдетүү, климаттын өзгөрүшү жана жашыл энергетика, чийки зат жаатында кызматташуу маселелерин карашат. Жалпысынан Европарламенттин өкүлдөрү иш сапарынын алкагында кызматташуунун 29 багытын камтыйт.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков