Касым-Жомарт Токаев жакын арада шайлоо алдындагы программасын тааныштырат

Касым-Жомарт Токаев жакын арада шайлоо алдындагы программасын тааныштырат

Кезексиз президенттик шайлоо – бул биздин келечектеги өнүгүү багытыбызды аныктай турган өтө маанилүү өнөктүк. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев талапкерлигин колдоо боюнча элдик коалициянын форумунда билдирди. Мамлекет башчы президенттик шайлоого жалпы талапкер катары ат салышуу сыймык жана чоң жоопкерчилик экенин белгиледи. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев жакында шайлоо алдындагы программасын тааныштырарын билдирди. Анын айтымында, программада өлкөнү ар тараптуу өзгөртүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар чагылдырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков