Казакстан менен Түркмөнстан экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо

Казакстан менен Түркмөнстан экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо

Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтык активдүү өнүгүүдө. Анын ичинде соода-экономикалык. Өлкөлөр көптөгөн тармактар боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтип жана күчөтүп жатышат – газ, транспорт жана логистика, энергетика, курулуш, инфраструктура тармактарында. Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү туруктуу түрдө 500 миллион доллардан ашып келет. Тараптар көрсөткүчтү 1 миллиард долларга чейин көбөйтүүнү көздөөдө. Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов белгилегендей, мамлекет башчыларынын үзгүлтүксүз өткөрүлүп турган жолугушуулары эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө күчтүү түрткү берет.


Рашид Мередов, Түркмөнстандын Тышкы иштер министри:


- Касым-Жомарт Токаев жана биздин президент менен болгон жолугушууда биз ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуубуздун дараметин жогорулатууга байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкууладык. Түркмөнстан менен Казакстандын ортосундагы саясий жана дипломатиялык өз ара аракеттенүү өсүү багытында өнүгүп жатат. Соода-экономикалык мамилелер бүгүнкү күндө жаңы, сапаттык мүнөзгө ээ болууда. Биздин жалпы тарыхыбыз, маданиятыбыз, каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз мына ошол кубаттуу пайдубал болуп саналат. Азыркы учурда дагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн негиз боло алат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков