Казакстан - Түштүк Корея: Жаңы инвестдолбоорлор иштелип чыгууда

Казакстан - Түштүк Корея: Жаңы инвестдолбоорлор иштелип чыгууда

Казакстан менен Түштүк Корея наркы 1,5 миллиард долларлык беш биргелешкен инвестициялык долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов менен Кореянын Соода министри Ан Док Гындын жолугушуусунда сөз болду. Тараптар белгилешкендей, учурда наркы 500 миллион долларлык дагы 25 келечектүү долбоор иштелип чыгууда. Буга мисал катары өкмөт башчысы жаңы KIA автозаводунун курулушун келтирди. Смаиловдун айтымында, Казакстандын өкмөтү республикадагы инвесторлордун ыңгайлуу иштөөсү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнү уланта берет. Белгилей кетсек, Түштүк Корея Казакстан экономикасына инвестиция салган алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирет. Акыркы 18 жылда Казакстанга 9 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков