Акордада Абу-Дабинин мураскор ханзаадасын тосуп алуу аземи болуп өттү. Шейх Халед бен Мухаммед бин Заид Аль Нахаян Казакстанга расмий сапар менен келди. Жогорку даражалуу мейманды тосуп алууда Касым-Жомарт Токаев бул визит эки тараптуу мамилелерге кошумча дем берүү жагынан чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Бириккен Араб Эмираттары Казакстандын башкы өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2023-жылы эки өлкөнүн өкмөттөрү стратегиялык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Ал эми өткөн жылы БАЭден республикага түз инвестициялардын агымы 2 эседен ашык көбөйүп, рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Бириккен Араб Эмираттары Казакстандын экономикасына ири чет элдик инвесторлордун ондугуна кирет. Сиздин сапарыңызда 20 миллиард долларга барабар соода келишимдерге кол коюлат. Аларды ишке ашыруу Стратегиялык кызматташтыкка күчтүү импульс берет жана өз ара пайдалуу эки тараптуу байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө болот.
Өз кезегинде мураскор ханзаада жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өзүнүн жаратылышынын кооздугу жана элинин меймандостугу менен жогору баалаган Казакстанга дагы бир жолу келип жатканын өзгөчө сезим менен белгилеп өттү. Ал өлкөлөр ортосундагы мамилелер ишенимге, өз ара колдоого жана жалпы өнүгүүгө умтулууга негизделгенин баса белгиледи.
Халед бен Мухаммед бен Заид Аль Нахаян, Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы
- Бул мамилелер энергетика жана транспорттон санариптик инфраструктурага жана билим берүүгө чейинки ар кандай багыттарды камтыган соода-инвестициялык өз ара аракеттенүү чегинен ашып кетти. Бүгүн кол коюлган келишимдер келечектеги биргелешкен иш-чаралардын артыкчылыктуу максаттарына жалпы көз карашты чагылдырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

