Мамлекет башчысы Германия экономикасынын Чыгыш комитети башкармалыгынын төрагасын кабыл алды

Өткөн жылы Германиянын Казакстанга болгон түз инвестициясы рекорддук көрсөткүчкө, тактап айтканда 770 миллион долларга жетти. Бул көрсөткүч дароо 64 пайызга өстү. Президент Касым-Жомарт Токаев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин башкармалыгынын төрагасы, CLASS Group Байкоочу кеңешинин төрагасы Катрина Клаас-Мюльхойзер менен жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты келечекте тереңдетүү маселесин карады. Ошондой эле германиялык бизнестин республикадагы долбоорлорго кызыгуусунун артышы талкууланды. Мамлекет башчы белгилегендей, Германия Казакстандын Евробиримдиктеги стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Жолугушууда айыл чарба тармагында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев Туруктуу айыл чарбасы боюнча аймактык борбор түзүүгө берген сунушун эске салды. Президенттин айтымында, бул өлкөнүн айыл чарба дараметин толугураак пайдаланууга, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана аларды коммерциялаштырууга көмөктөшөт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков