Астана БУУнун «Resilience Hub» престиждүү статусуна ээ болду

Астана БУУнун «Resilience Hub» престиждүү статусуна ээ болду

Астана расмий түрдө БУУдан Resilience Hub беделдүү эл аралык макамын алып, Борбор Азиядагы биринчи туруктуу өнүгүү борбору болуп калды. Бул белги Казакстандын борборунун региондогу алдыңкы шаар лидери катары позициясын бекемдейт жана бирдиктүү долбоорлоо кодексин ишке ашыруудан эң алдыңкы жашыл инфраструктураны түзүүгө чейинки масштабдуу шаардык трансформациялардын ийгилигин ырастайт. Серепчилер ошондой эле Астананын туруктуу шаардык чечимдерди иштеп чыгуудагы ролун белгилешти. Казакстандын борбору башка шаарлардын климаттын өзгөрүшүнө жана туруктуулугуна көнүү аракеттерин колдоого даяр.


Наталья Алонсо Кано, Бириккен Улуттар Уюмунун Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгынын жетекчиси:


– Бул шаар чындап эле өлкөнүн жигердүү умтулууларын да, Борбор Азия шаарларында болуп жаткан тез өзгөрүүнү да чагылдырат. Климаттык чакырыктарга реактивдүү жооп берүүдөн адамдын ден соолугун жана шаардык инфраструктуранын туруктуулугун эске алган активдүү мамилеге өтүү абдан маанилүү. Бул жерде кызматташуу негизги ролду ойнойт. Астана Туруктуулук борбору катары мындай чечимдерди бүтүндөй аймак үчүн реалдуу иш-аракеттерге айкалыштыра турган платформа боло алат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков