Астанада «Al Jazeera менен бир апта» долбоору башталды

Maqsut Narikbayev атындагы университеттин Эл аралык журналистика мектебинде студенттерге медиа тармагындагы гигант компаниянын алдыңкы адистери тренинг өтөт. Иш-чара Казакстан президентинин телерадиокомплексинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Биргелешкен иштин жүрүшүндө «Жаңылык репортаждары», «Маалыматтык журналистика», «Санариптик сторителлинг», «Мобилдик журналистика» жана «Жаңылыктарды алып баруучулардын курсу» сыяктуу темалар боюнча лекцияларды өткөрүү мерчемделген. Студенттер керектүү маалыматтарды алгандан сырткары, Al Jazeera кабарчыларынын бул тармактагы иш стандарттарын үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эскерте кетсек, аталган каналдын башкы кеңселери Доха, Лондон, Куала-Лумпур жана Вашингтондо жайгашкан.

Ерболат Мухамеджан, MNU башкарма төрагасынын орун басары:

- Эл аралык журналистика мектеби болгондон кийин эл аралык деңгээлде ири телекомпаниялар бизге ушундай сабактарды өтүп жатканы студенттерге кандайдыр бир таасирин тийгизет деп ойлойбуз. Бир апталык окуу алкагында тренинг болуп, андан кийин өзүнүн долбоорлорун коргошот. Бир гана окутуу эле эмес, ошондой эле, тажрыйба түрүндө да өтөт. Камералар менен иштөө сыяктуу бардык процесстерден өтүшөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков