Казакстандык командалар космостук сүрөттөрдү талдоочу жасалма интеллект иштеп чыгууларын тааныштырышты

Казакстандык командалар космостук сүрөттөрдү талдоочу жасалма интеллект иштеп чыгууларын тааныштырышты

Жасалма интеллект технологиялары космостук сүрөттөрдү иштетүү жана аймактарды санариптик талдоо үчүн барган сайын активдүү колдонулууда. Назарбаев Университетинде NURIS Hardware Challenge 6.0 сынагынын финалы болуп өттү, анда спутниктик сүрөттөрдөн имараттарды, жолдорду, суу сактагычтарды жана жашыл аймактарды автоматтык түрдө таануу үчүн жасалма интеллект иштеп чыгуулары көрсөтүлдү. Долбоорлордун үстүндө Казакстандын бардык аймактарынан келген командалар иштешти. Сынакка жалпысынан 35 арыз келип түшкөн, алардын ичинен эң мыкты 6сы финалга өттү. Катышуучулар санариптик картография жана геопорталдарды түзүү менен алектенген ата мекендик компаниянын суроосу боюнча чечимдерди иштеп чыгышты. Уюштуруучулардын айтымында, мындай технологиялар шаар курууда, инженердик тармактарды көзөмөлдөөдө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда колдонулушу мүмкүн. Жеңүүчү команда өз идеясын коммерциялаштыруу жана долбоорун компаниянын ишине киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Абзал Дарибаев, «Astana Business Campus» инновациялар боюнча башкаруучу мүдүрү:

– Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Kazaerospace - өнөр жай өнөктөшү алардын эң мыктысын тандап алат, аны менен өндүрүшкө бул чечимди киргизүүнү баштайт. Чечим жасалма интеллектти колдонуу менен космостук сүрөттөрдү терең талдоо үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгууга багытталган, бул аларга ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков