Мамлекет башчысы элчилерден ишеним грамоталарды кабыл алды

Мамлекет башчысы элчилерден ишеним грамоталарды кабыл алды

Казакстан достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого багытталган тынчтык жана ачык тышкы саясатты жүргүзүп келет. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев Акордада бир катар мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде билдирди. Мамлекет башчысы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Дэниел Розенблумду, Сьерра-Леоненин элчиси Мохамед Йонгаво жана Молдованын элчиси Лилиан Дарияны Казакстандагы расмий миссиясынын башталышы менен куттуктап, алар өлкө менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков