Вашингтондо Казакстан менен АКШнын стратегиялык өнөктөштүгү боюнча кеңейтилген жыйын өттү. Ага өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Омаров жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу катышты. Жыйындын соңунда эки тараптын биргелешкен билдирүүсү жарыяланды. Анда Казакстан менен Америка Кошмо Штаттары 30 жылдан ашык бекем дипломатиялык байланыштарды түзүп, аймактык геосаясий маселелер, коопсуздук чөйрөсүндөгү башка маселелердин мааниси, ошондой эле энергетика, инфраструктураны диверсификациялоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана адам укуктары талкууланды. Казакстан тарап эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу соода алакасын өнүктүрүү зарылдыгын билдирди. Ал эми мамлекеттик катчынын жардамчысы Дональд Лу АКШ Казакстандын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин ар дайым колдой турганын билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков