Нью-Йорк
шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында мамлекет башчысы АКШ президентинин
Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гора менен да жолугушту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө
соода алакаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев өлкө
Борбордук Азиядагы АКШнын негизги экономикалык өнөктөшү экенин баса белгиледи.
Президент АКШнын
соода министри менен жолугушту
Казакстандын президенти инвестициялык жана экономикалык
тармактардагы эки тараптуу өнөктөштүк келечегин АКШнын соода министри Говард
Латник менен да талкуулады. Касым-Жомарт Токаев өлкөдө түзүлгөн ыңгайлуу
инвестициялык климатты өзгөчө белгиледи. Америкалык бизнес үчүн бир катар
тармактарда, анын ичинде энергетика, транспорт жана логистика, санариптештирүү,
агрардык тармактарда кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Өз кезегинде америкалык
министр Америка Кошмо Штаттарынын Казакстан менен биргелешкен индустриалдык,
транспорттук-логистикалык жана инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар
экенин билдирди.
Го́вард Ла́тник, АКШ Соода
министри:
- Биздин өлкөлөрдүн экономикалык
кызматташтыгынын жана бекемделишинин дарамети соода байланыштарын өнүктүрүүнүн
негизги фактору болуп саналат жана критикалык маанилүү минералдар тармагында
кеңири келечекти ачат, ал жакка биз биргелешкен инвестицияларды багыттай
алабыз. Сиз локомотивдер секторунда Wabtec компаниясын тандаганыңызга абдан
кубанычтабыз. Бул биздин өз ара аракеттенүүбүз үчүн мыкты негиз болуп саналат.
Wabtec
Америкалык компаниясы менен бир катар келишимдерге кол коюлду
Белгилей
кетсек, Казакстандын Президентинин Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында
америкалык Wabtec компаниясы менен 4 миллиард доллардан ашык суммага
келишимдерге кол коюлду. Алар өлкөдө жакшыртылган мүнөздөмөлөргө ээ 300 жүк
ташуучу локомотивди чыгарууну жана аларга техникалык кызмат көрсөтүүнү карайт. Транспорттук технологиялар жаатындагы дүйнөлүк лидер
республика менен биринчи жылдан бери кызматташып келет. 2009-жылдан бери
Астанада Wabtec Kazakhstan локомотив кураштыруучу заводу ийгиликтүү иштеп келет.
Ал эми өткөн жылдын кулжа айында компания өлкөдө технологиялык жана инженердик
борбор ачкан.
Мамлекет
башчысы АКШнын Соода палатасынын президенти жана башкы аткаруучу үдүрү Сюзанн Кларкты кабыл
алды
Касым-Жомарт Токаев эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү темасын АКШнын Соода палатасынын президенти жана башкы аткаруучу мүдүрү Сюзанн Кларк менен да талкуулады. Мамлекет башчысы жакында эле Казакстанга болгон америкалык соода-инвестициялык миссиянын жыйынтыгын кубаттап, өлкө АКШ өкмөтү менен да, бизнес коомчулугу менен да натыйжалуу кызматташууга багытталганын баса белгиледи. Өз кезегинде Сюзанн Кларк эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

