Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешинин VI саммитине катышуу үчүн келген расмий өкүлдөр менен жолугушуп, бир катар макулдашууларга жетишилди. Вьетнамдын вице-президенти менен жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын ачуу боюнча макулдашышты. Во Тхи Ань Суан Казакстандын президентин Вьетнамга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин өткөн айда Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшү ардактуу коноктордун бири Ван Цишань менен болгон жолугушууда кеңири талкууланды. Президенттин маанилүү жолугушуулары Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен уланды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстан менен Пакистандын ортосундагы соода, экономика жана инвестиция тармагындагы кызматташуунун келечеги талкууланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков