Казакстан Венгрияга экспортун 700 миллион долларга арттырууга даяр

Казакстан Венгрияга экспортун 700 миллион долларга арттырууга даяр

Казакстан менен Венгрия соода жана инвестициялык кызматташтыкты арттырат. Республика ата мекендик өнүмдөрдүн экспортун 700 миллион долларга көбөйтүүгө жана жеткирилген товарлардын түрүн арттырууга даяр. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри кесиптеши Виктор Орбан менен жолугушууда билдирди. Алихан Смаилов Венгрия Казакстандын Евробиримдиктеги маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү экенин баса белгиледи. Инвестициялык кызматташууга келсек, бул багытта да чоң келечектер бар. Буга сандар дагы далил. Ошентип, 2005-жылдан бери Венгрия Казакстанга 330 миллион долларлык инвестиция салган. Ал эми акыркы эки жылда 75 миллион каражат тартылды - бул жалпы көлөмдүн дээрлик төрттөн бирин түзөт. Тараптар ошондой эле энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн учурдагы жолдорун карап, кайра жанма энергия булактарды өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселелери тууралуу пикир алмашты. Буга кошумча транзиттик жана транспорттук секторго, атап айтканда, Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун Транс-Европалык транспорт тармагы менен туташтыруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду. Венгриянын Премьер-министри белгилегендей, азыр башкы милдет – флагмандык долбоорлорду аныктоо. Бул ишке ашса өнөктөштүктү бекемдөөгө жана кызматташууга дагы көп компанияларды тартууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков