Мамлекет башчысы Түркмөнстанга болгон иш сапарында аталган мамлекеттин президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар казак-түркмөн мамилесин мындан ары чыңдоонун жолдорун талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев түркмөн тараптын аймактык коопсуздукту жана эл аралык абалды жакшыртууга багытталган аракетин өзгөчө белгилеп өттү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан үчүн Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш. Бизде узак мөөнөттүү биргелешкен долбоорлор бар. Эки тараптуу байланыштарды чыңдоого болушунча артыкчылык беребиз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр жана кол коюла турган документтер боордош өлкөлөрүбүздүн мамилесине жаңы дем берет деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков