Мажилисте социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жүрүшү каралды

Мажилисте социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жүрүшү каралды

Казакстанда медициналык реабилитациялоо инфраструктурасы кеңейип келүүдө. Азыр республика боюнча мындай мекемелердин саны 838ге жетти. Аларды каржылоо акыркы 5 жылда 13 эсеге өстү. Өткөн жылы эле 208 миңден ашык адамга толук реабилитациялык кызмат көрсөтүлдү. Ошондой эле, бүгүнкү күндө “Элеттесаламаттыкты сактоону жаңыртуу” улуттук долбоору ишке ашырылууда. Анын алкагында калктуу конуштарда 655 жаңы медициналык мекемелерди куруу мерчемделген. Окуучуларды мектеп менен камсыз кылуу маселесине да Өкмөт өзгөчө көңүл буруп жатат. Мажилистин жыйынында премьер-министрдин орун басарыТамара Дүйсенова өлкөдө социалдык багытта жүргүзүлүп жаткан иштер менен тааныштырды.

 

Тамара Дүйсенова, Премьер-министрдин орун басары:


«Ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоору анын алкагында 369 мектеп курулганы жатат. Экинчиси коррупциялык кылмыштардын алкагында кайтарылып алынган каражаттардын эсебинен былтыр 36 мектеп салынса, быйыл дагы 25 мектеп курулат. Өткөн жылы “Айыл өлкө бешиги” программасынын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 мектеп пайдаланууга берилсе, быйылкы жылы дагы 6 мектеп куруу максаты коюлган. Жалпы мектепти курууга бардык булактардан бөлүнгөн каражаттардын 2 жылдык көлөмү 2,4 триллионтеңге болуп саналат.

 

Ошондой элеТамара Дүйсенова казакстандыктардын сапаттуу интернет менен камтуусуна көңүл бурду. Алардын айтымында, өлкөдө 5G мобилдик байланышын киргизүү 2025-жылдын аягына чейин аяктайт.  Бул иштер Астана, Алматы, Шымкент жана облус борборлорунда жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 20 шаарда миңден ашык базалык станциялар орнотулган. Муну менен катар, айыл жергесине интернетти тартуу боюнча улуттук долбоор бекитилди.

 

Тамара Дүйсенова, Премьер-министрдин орун басары:

Анын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу 3010 айылга оптикалык байланыш линияларын туташтыруу көздөлүүдө. Натыйжада 2,4 миллион адам интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков