Казакстан менен Өзбекстандын президенттери Түркестандагы жаңы мечитке
барышты. Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы бир
туугандык мамилелердин жана руханий кызматташтыктын символуна айланган
курулушту кыдырып чыгышты. Мечит Өзбекстандын лидеринин Түркестан элине жана бардык
казакстандыктарга белеги катары курулган. Анын архитектурасы салттуу ислам
архитектурасын заманбап курулуш технологиялары менен айкалыштырат. Фасад, интерьер улуттук орнамент
жана мусулман каллиграфиясынын элементтери менен кооздолгон. Минареттердин
бийиктиги 61 метр.
Мечит заманбап инженердик инфраструктура менен жабдылган. Айлана-чөйрө
көрктөндүрүлүп, жарыктандыруу системалары, эс алуу жайлары жана фонтандар менен
жабдылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

