Дүйнөдөгү туруксуз кырдаал учурунда
биримдик идеясы өтө маанилүү болуп калат. Ошондуктан Казакстан элдери Ассамблеясы сыяктуу
институттун маанилүүлүгүн баалоо мүмкүн эмес. Казкстан элдери Ассамблеясы
теңдиктин жана ынтымактын символу болуп калды. Казакстанда бул институттардын бүтүндөй
тармагын билдирет. Азыр аны өлкөдөгү болуп жаткан өзгөрүүлөргө бардык
казакстандык этностор катышкан коомдук ынтымактын инфраструктурасы катары
кароого болот. Бул тууралуу Мамлекет башчысы Казакстан элдери Ассамблеясынын
34-сессиясында айтты. Касым-Жомарт Токаев катышуучуларды КЭАнын
30 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Акыркы
жылдары масштабдуу саясий реформалардын натыйжасында Ассамблеянын
ишмердүүлүгүнө жаңы жаратман импульс берилди. Сенаттын беш депутаты КЭС кеңешинин
сунушу менен Президент тарабынан дайындала баштады. Ошентип, өлкөбүздүн бардык
этносторунун кызыкчылыктарын мыйзам деңгээлинде көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү кыйла
кеңейди. Мындан тышкары, Казакстан парламентаризм тарыхында
биринчи жолу «бирдиктүү
өлкө – бирдиктүү кызыкчылык» деген
палата аралык депутаттар түзүлдү. Бул топ коомдук ынтымакты бекемдөө менен
алектенет.
Мындан тышкары, улуттук курултайдын
курамына КЭА
12 мүчөсү кирет. Ал эми бардык аймактарда Достук үйлөрү ачылып, миңдеген
этномаданий бирикмелер иштеп жатат. Жалпысынан Ассамблеянын жетекчилиги астында
төрт миңден ашуун коомдук түзүмдөр иштейт. Өткөн жылы Ассамблея бардык
аймактарда 15 миңден ашык иш-чара өткөргөн. Аларга бир миллионго жакын адам
катышты. Казакстандын Президенти белгилегендей, Ассамблея коомду
консолидациялоо жана улуттук иденттүүлүктү бекемдөө платформасы болгон жана
болуп кала берет. Касым-Жомарт Токаев 2026-2030-жылдарга КЭА өнүктүрүүнүн жаңы
концепциясын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Улуттун биримдигин бекемдөө үчүн
бардык мамлекеттик жана коомдук механизмдерди өркүндөтүү боюнча ишти улантуу
зарыл.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Ассамблея аймактарда ишти күчөтүү
керек. Өткөн жылы өлкөнүн
руханий жана тарыхый-маданий борбору Түркестанда жаңы достук үйү
пайда болду. Эми калк жыш жайгашкан Алматы облусунда ушундай эле мекеме түзүү
керек. Ошентип, аймактын коомдук турмушунун дагы бир маанилүү борбору ачылат.
Ассамблея Кордай, Уйгур, Сайрам, Панфилов жана башка улуттар жашаган аймактарда
көрсөтүлүшү керек. Тармактык органдардын жетекчилери жана акимдер Ассамблеянын
этно-медиация
жаатындагы ишин ар тараптан колдошу керек, «Элдешүү
жана жарашуу»
долбоору жакынкы эки жылда бүткүл өлкө боюнча кеңейиши керек.
Президент
ошондой эле маалымат мейкиндигинде биримдик жана ынтымак идеясын жайылтуунун
маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле аймактардагы этностордун тилинде уктуруучу
ММКларга колдоо көрсөтүүнү, «көп
түрдүүлүктөгү биримдик» принцибин ишке ашыруу
үчүн маданият менен искусствонун дареметин
ишке киргизүүнү тапшырды. Бүгүн Казакстан элдери Ассамблеясынын 30 жылдык
мааракесинин алкагында тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты
бекемдөөдөгү сиңирген эмгеги үчүн мамлекет башчысы мамлекеттик сыйлыктарды
тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

