Мындан ары министрлер, акимдер эл менен үзгүлтүксүз жолугушуп турат. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коомчулук менен жолугушуу тартиби белгиленген президенттин жарлыгы чыкты. Коргоо жана Тышкы иштер министрликтерин кошпогондо, борбордук аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери коомчулуктун пикирин эске алуу менен жыйынды өткөрүү күнүн жана убактысын аныкташы керек. Ал эми жыйындардын графиги жыл сайын үчтүн айынын 10на чейин Өкмөт тарабынан бекитилет. Аймактарда абал начарласа, борбордук органдардын жетекчилери эл менен пландан тышкары жолугушууларды өткөрөт.Ошондой эле, биринчи жетекчилер коомчулук менен социалдык тармактар аркылуу сүйлөшүүгө милдеттүү. Онлайн жыйындын убактысынын төрттөн бир бөлүгү отчетко, калган бөлүгү суроо-жоопко бөлүнүшү керек. Ал эми коомчулук көтөргөн маселени чечүүнүн жолдору он күндөн кечиктирилбестен жарыяланышы керек. Жыйындардын жыйынтыгы Өкмөттө ар жарым жылда бир жолу каралып турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков